Жыл башынан бери Кыргызстандын дүң запасы 223,93 миллион долларга азайып, марттын аягында 2 миллиард 523 миллион долларды түздү.
[жаңылык 33302]
Улуттук банк кошумчалагандай, ушул жылдын март айында, 2020-жылдын ушул эле айына салыштырмалуу, Кыргыз Республикасынын дүң запасы 161,24 миллион долларга көбөйгөн. Ошол эле учурда, резерв тарыхый максимумга 2020-жылдын август айында жетип үч миллиард доллардан ашкан.