Түркиянын алдыңкы курулуш компаниясы Кыргызстанга 200 млн $ инвестиция салууга даяр

18.08.2022, 09:16 Акчабар
Түркиянын алдыңкы курулуш компаниясы Кыргызстанга 200 млн $ инвестиция салууга даяр

Түркиянын “KUZU Group” компаниясы Кыргызстандын 10-15 шаарында социалдык кичи райондорду курууга катышууга кызыктар. Бул тууралуу компаниянын жетекчилиги Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров менен жолугушууда билдирди.

Шаршемби күнү, 17-августта мэрдин түркиялык компаниянын негиздөөчүсү Кузу Озен, башкы директору Мехмет Эмре Баштопчу, каржы өнөктөшү Сойсал Онур жана “KUZU Groupтун” Кыргызстандагы расмий өкүлү Гүлерден Мухаммет менен сүйлөшүүлөрү өттү. Тараптар ортосунда конструктивдүү диалог болду.

“Биз Кыргызстан менен көп жылдык ишмердүүлүктө топтогон тажрыйбабызды бөлүшкүбүз келет. Биз түз инвестициялык келишимге кол коюу менен Кыргызстандын 10-15 шаарында социалдык микрорайондорду курууга катышууга даярбыз”, - деп белгиледи Кузу Озен.

Инвестициянын көлөмү 200 миллион долларды түзөт.

Мэр “KUZU Group” компаниясынын сунушталып жаткан долбоорлоруна оң баа берип, муниципалитет компания менен тил табышаарына ишеним билдирди.

“Бишкек жаңы социалдык турак-жайга муктаж жана мындай олуттуу инвестордун келиши бул маселени чечүүгө жардам берет”, - дейт Эмилбек Абдыкадыров.

Кошумчаласак, “KUZU Group” 1943-жылы негизделген жана өлкөсүндөгү алдыңкы подряддык компаниялардын бири. Анын жылдык жүгүртүүсү болжол менен 350 миллион долларды түзөт, ал эми курулуш келишимдеринин жалпы көлөмү 1 миллиард доллардан ашат. 10 жыл катары менен көз карандысыз эксперттер “KUZU Groupту” 250 мыкты эл аралык подрядчылардын катарына кошкон. Компаниянын Түркия жана Алжирде социалдык объектилерди куруу боюнча тажрыйбасы бар. Ошондой эле, “KUZU Group” тазалоочу курулмаларды эксплуатациялоо жана тейлөө боюнча чоң тажрыйбага ээ.

Тэги: Турция Кыргызстан КУЗУ Групп инвестиции социальное жилье

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу