Электр энергиясын үзгүлтүккө учуратуу болбойт - Энергетика министрлиги

16.06.2021, 14:50 Акчабар
Электр энергиясын үзгүлтүккө учуратуу болбойт - Энергетика министрлиги

Энергетика тармагын күз-кыш мезгилине даярдоонун алкагында, эртең мененден кечке чейин жерлерде электр жарыгы өчүрүлөт. Бирок, толук өчүрүүлөр болбойт. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев билдирди.

“Бул оңдоо иштерине байланыштуу. Мен калкты түшүнүү менен мамиле кылууга үндөгүм келет. Эч кандай энергетикалык кризис жок. Булар турмуштагыдай эле жумуш процесстери. Биз энергетика тармагына киреше алып келиши үчүн аны инвестициялашыбыз керек”, - деди министр.

Бекмурзаев оңдоо иштери энергетика тармагын келечекте өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр болушу үчүн жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи.

Тэги: Минэнерго КР электроэнергия отключение электричества

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу