Венесуэль президенти казак бизнесменинин эсебинде миллиондорун сактоодо

06.03.2019, 12:18 Акчабар
Венесуэль президенти казак бизнесменинин эсебинде миллиондорун сактоодо

Венесуэль президенти Николас Мадуро  миллиондорун  казак- орус фондусунда жеке бизнесмен Нурлан Байдилданын эсебинде сакташы мүмкүн. Бул тууралуу венесуэль оппозициясына таянып,  Bloomberg жарыялап чыкты.

 Венесуэлдин Улуттук ассамблеясы бир жылдан бери өлкөдөн мыйзамсыз чыгып жаткан каражаттарды изилдөөгө алган. бул тууралуу  оппозиция өкүлү Карлос Вечио жарыя кылды. 

Иликтөөнун натыйжасында белгилүү болгондой  Мадуро миллион долларларын Казахстанда туулуп, Россиянын жараны болгон  Нурлан Байдилданын фондунда сактаганы маалым болгон. Бирок,Вечио  канча сумма экенин тактай алган эмес. Анын пикиринде фонд бай адамдардын инвестицияларын башкарып келет. Бирок, башка маалыматтарды кошумчалай алган жок. 

«Биз азыркы учурда  уурдалып чыккан активдерди кайра өлкөгө кайтаруу менен алекпиз. Бизде ишенимдүү далилдер бар, каражаттын көп бөлүгү  Nurlan Baidilda Ltd. фондунун эсебинде. Ал каражаттар диктаторго таандык»– деп жазган  Вечио өзүнүн Twitter баракчасына.

Казахстандын ТИМ башчысы  Бейбут Атамкулов  Sputnik.kz  МА  берген комментарийинде, бул маалымат канчалык чындык экенин, Нурлан Байдилда ким экенин билбегени тууралуу айтты. Ал эми анын орун басары, Нурлан Байдилда республикада атагы чыгып жаткан адам  Россиянын жараны деп жарыялаган.

Тэги: Казахстан Венесуэла бизнес

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу