Венгрия Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүүдө жардам көрсөттү

16.07.2020, 09:01 Акчабар
Венгрия Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүүдө жардам көрсөттү

15-июль күнү кечинде Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков менен Венгриянын тышкы иштер министри Петр Сийяртонун жолугушуусу болуп өттү. Венгрия Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүүдө гуманитардык жардам көрсөтүүдө жана министр Петр Сийярто аталган жардамды жеткирүүнүн алкагында Бишкекке расмий иш сапары менен келген.

Жолугушуу маалында кыргыз тарап Венгриянын өкмөтүнө көрсөтүлүп жаткан жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

 

Буга чейин жетишилген келишимдерди ишке ашыруу талкууланып, кыргыз-венгр кызматташтыгын мындан ары дагы тереңдетүү максатында 2020-жылы Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Венгрияга расмий сапар менен чакырылды.

 

Түрк тилдүү мамлекеттер биримдигинин кызматташуусунун алкагында алакалардын өнүгүүсүнүн позитивдүү динамикасы белгиленип, анын ичинде 2018-жылы Венгрия тараптын расмий байкоочу статусуна ээ болгондугу айтылды. Ошондой эле 2019-жылы Будапештте Түрк биримдигинин өкүлчүлүгүнүн ачылышы жана венгр тарабынын аталган долбоорду колдоо боюнча даярдыгы белгиленди.

 

Венгриянын тышкы иштер министри венгр тарабы жакынкы арада Венгриянын Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу өкүлүн дайындоону көздөп жаткандыгын билдирди. Венгриянын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү кээ бир Европа Биримдигинин мамлекеттери үчүн визалык маселелерди карап берүүгө даяр экендиги айтылды. Ошондой эле венгр тарап КРын Австриядагы жарандарына жардам көрсөткөн.

 

Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петр Сийяртонун расмий сапарынын жыйынтыгында, эки тарап өлкөлөрдүн Дипломатиялык академиялары ортосундагы өз ара түшүнүү тууралуу меморандумуна кол коюлду.    

Тэги: Венгрия гуманитарная помощь МИД

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу