Каракол жарманкеси: Ысык-Көлдү илгери жылдырган зор үмүт берди

19.03.2019, 16:00 Өнөктөштүк макаласы
Каракол жарманкеси: Ысык-Көлдү илгери жылдырган зор үмүт берди

16-мартта күнөстүү Каракол шаарында «Жазгы жарманке – 2019» айыл чарба чарба жарманкеси уюштурулуп, ага Ысык-Көл облсунунун дыйкандары, багбандары жана малчылары, ишкерлер, азык түлүктү кара иштетүүчүлөр, туристик фирмалардын өкүлдөрү жана коноктор катышты.

«Жазгы жарманке – 2019» жарманкеси агроазыктар менен туристик тармакты өнүктүрүү багытында уюштурулуп, баардык тараптарга кызыктуу байланыштарды түзө алды. 

Жарманкеге Кыргызстандын ар бир аймагынан келген туристер жана коноктор кыям, шербетүү нак шире, тоо балын, нак эт жана эт азыктарын өз баасында, ортомчусуз сатып алышты. Бодо малдар менен асыл тукумдуу малдар, канаттуулардун түрү жарманкенин катышуучуларын абдан кызыктырды. Ошондой эле, багбанчылыкка кызыккандар көчөттөрдүн түрүн сатып алышты. 

«Компаньон Банкы»  жарманкенин  катышуучуларына тегерек үстөл уюштуруп, анда бизнесмендер тажрыйбалары менен алмашты. Азык-түлүктөрдү сатуудагы бирдиктүү стандартка келүү, биргелешип, кооперативге биригип сатуу тууралуу  келишимге келишти. 

Банктын адистери мал чарбачылыгы менен багбанчылыкка кызыккандарга пайдалуу кеңештерин аксызы айтып беришти.Көпчүлүктү багбанчылык боюнча кыйыштыруу, туура көчөт олтургузуу жана малды асыроодогу айрым маселер кызыктырып, ага тийиштүү жоопторду алышты. 

Жарамнкени жакшы уюштурган элүү адамга ыраазычылык каты тапшырылды. 

Ак-Суу районунун  мектептери арасында уюштурулган балдар арасындагы сүрөт сынагында айрмаланган он сегиз окуучуга «Компаньон Банкында» каражат топтоочу эсебин ачууга сертификат берилди. 

««Компаньон Банкы»  Караколдо XIV  алма  фестивалын уюштуруп келет. Биздин иш-чарага катышууга баардык каалоочуларды чакырабыз», – деп билдирди банктын Башкармалыгынын мүчөсү Наталия Фефилова.

Иш-чарага Ысык-Көл областынын өкмөттүн өкүлүнүн орун басары Дамир Моңолдоров,  Жыргалаң айыл аймагынын башчысы  Талгат Мукалаев  менен Барскоон айыл аймагынын башчысы Руслан Эшмамбетов  катышты.

Тэги: ярмарка Иссык-Кульская область Банк Компаньон

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу