Кичи жана орто бизнестеги ИДПнын басымдуу салмагы 42% түзөт

25.09.2019, 13:15 Акчабар
Кичи жана орто бизнестеги ИДПнын басымдуу салмагы 42% түзөт

Кичи жана орто бизнестеги ИДПнын басымдуу салмагы 42% түзөт. Бул тууралуу 25-сентябрда Евразия жумалыгында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди. 

Анын айтымында, Еразия биримдигине  катышууга стандарттардын сапаттарын жакшыртуу, заманбап лабораторияларды түзүү, тышкы чек арадагы өткөрүү бекеттерин модернизациялоо түрткү болгон. 

Терс айтылган пикирлерге карабастан, Кыргызстан ЕАЭСтин  эрежелерин иштеп чыгуу мезгилинде экономикалык төмөндөө коркунучун жоюуга жетишти”, - деп билдирди. 

Вице-премьер билдиргендей, кичи жана орто бизнес ИДПда эң маанилүү орунду ээлейт. 2018 – жылдын жыйынтыгы менен 14миңден ашуун  кичи жана орто бизнестеги ишканалар ишке берилди. 400 миң киши индивидуалдуу ишкер катары өз ишин алып барды. Кичи жана орто бизнестеги иш алып барган жарандардын бардык саны 480 миңди түзөт. 

 “Бүгүнкү күндө 14 соода-логистикалык борбору иштейт, кошумча 2 борбордун курулушун баштоо пландалууда” – деп билдирди. 

Ж.Разаков, бүгүнкү күндө биринчи ишканаларды тейлөө концепциясы иштелип чыкты – деп кошумчалады. 

Маалыматтарды колдонуу борборун Кыргызстандын бардык региондордун ишкерлери үчүн түзүү пландалууда. 

Андан сырткары, вице-премьер ИДПнын кызмат көлөмү 2,3% т.а. 227 млрд. сомду түзөөрүн кошумчалады. 

Тэги: вице-премьер Жеңиш Разаков ИДП ЕАЭС Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу