Вице-премьер-министри—экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков жамаатка тааныштырылды

04.02.2021, 10:20 Акчабар
Вице-премьер-министри—экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков жамаатка тааныштырылды

Премьер-министр болуп дайындалган  Улукбек Марипов  Экономика жана финансы министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына вице-премьер-министри—экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаковду тааныштырды. 

[news 31913]
 

Өкмөт башчы министрликтин жетекчилиги алдында турган негизги милдеттерди, анын катарында туруктуу экономикалык өнүгүү программасын иштеп чыгуу боюнча милдеттерди белгиледи.



«Учурда Экономика жана финансы министрлигине чоң жоопкерчилик жүктөлгөн. Кеп бардык социалдык милдеттенмелерди, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу, экономиканы турукташтыруу боюнча ыкчам антикризистик чараларды кабыл алуу боюнча иштер тууралуу жүрүүдө», - деди Улукбек Марипов.


 

Тэги: премьер-министр Улукбек Марипов экономика Финансы министрлиги борбордук аппарат Улукбек Кармышаков

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу