Вице-спикер аймактардагы жашоочулар менен жолугушууда

09.01.2020, 12:15 Акчабар
Вице-спикер аймактардагы жашоочулар менен жолугушууда

Жогоку Кеңештин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева депутат Сагындык Келдибаев менен биргеликте Ош облусунун алыскы айылдарынын жашоочулары менен жолугушууларды өткөрүп жүрөт. Бул тууралуу  ЖК басма сөз кызматы билдирди. 

Алгач Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылынын Кызыл-Сеңир, Кремль, Кочкор-Ата жана Беш-Абышка айылдарынын тургундары менен жолугушуп, бийлик бутактары тарабынан аткарылып жаткан иштер туурасында маалымат беришти.

Аида Касымалиева 2019-жыл ичинде Жогорку Кеңеш тарабынан элдин социалдык абалын оңдоого өбөлгө түзө турган социалдык мыйзамдар көп кабыл алынганын белгиледи. «Өткөн жылда мамлекеттик бюджетке колдоо көрсөтүү максатында жана элдин жашоо шартын жакшыртуу үчүн социалдык мыйзамдарды кабыл алдык. Атап айта турган болсом, 18 жашка чейин мүмкүнчүлүгү чектелген балдарын караган ата-энелерине ассистент катары эмгек акы төлөп берүү боюнча мыйзам, мугалимдердин айлыгын 30%га көтөргөн мыйзамдар кабыл алынды. Бул аймактардын тургундары үчүн чоң көмөк болот деген ишеничтебиз», - деди А. Касымалиева.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна ылайык, Жогорку Кеңеш депутаттары 2020-жылдын 8-9-10-январы күндөрү өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алпарышууда.

 

 

Тэги: регионы КР визиты ЖК КР парламентарии

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу