Бийлик нефтетрейдерлерди күйүүчү-майлоочу майдын баасынын кескин өсүшүнө жол бербөөгө чакырды

09.09.2021, 17:08 Акчабар
Бийлик нефтетрейдерлерди күйүүчү-майлоочу майдын баасынын кескин өсүшүнө жол бербөөгө чакырды

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Кыргызстандын нефтетрейдерлери менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар күйүүчү-майлоочу майлардын баасынын өсүшүнүн объективдүү мүнөзүн талкуулашты, бирок ошого карабастан Мамлекеттик агенттик бир катар талаптарды койду:

  • адилеттүү атаандаштык принцибин так сактоо;
  • баалардын деңгээлин камтыган куралды колдонуу менен күзгү талаа жумуштарынын башталышын эске алып баалардын кескин өсүшүнө жол бербөө, ошондой эле чыгымдарды оптималдаштыруу.

Белгилей кетсек, жолугушууга Энергетика жана өнөр жай министрлигинин өкүлү, Кыргызстандын Нефтетрейдерлер биримдигинин, "Газпром Нефть Азия" ЖЧКсынын, "РН-Кыргызнефтепродукт" ЖАКтын (Роснефть), "Альфа Ойл" ЖЧКсынын ("Кызыл петролеум"), "Шнос" ЖЧКсынын (Бишкек Петролеум) Партнер Нефть ЖЧКсынын жетекчилери катышты.

Тэги: Госантимонополия Союз нефтетрейдеров ГСМ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу