Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов балдар адабияты боюнча Өкмөттүк сыйлыктын лауреаттарына сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Сыйлыктын лауреаттарынын ар бирине 50 миң сомдон берилди, алар:
- Аман Наматов "Гүлчечекей кулунчак" чыгармалар жыйнагы үчүн "Балдар үчүн мыкты жарыяланган поэтикалык чыгармасы үчүн" номинациясы боюнча;
- Ырысбай Абдыраимов "Түбөлүктүү чеп" чыгармалар жыйнагы үчүн "Балдарга арналган мыкты жарыяланган проза үчүн" номинациясы боюнча;
- Сатыбалды Мамбеталиев “Балдар үчүн адабий чыгармаларды кыргыз тилине мыкты которгону үчүн” номинациясында “Керемет жомоктор” жыйнагын которгону үчүн.
Тэги: власти КР премия