Япониянын бийлиги туристтик компанияларга 4.7 млрд $ жардам катары бөлүп берүүгө даяр

06.03.2020, 10:30 Акчабар
Япониянын бийлиги туристтик компанияларга 4.7 млрд $ жардам катары бөлүп берүүгө даяр

Япониянын бийлиги,  коронавирустун кесепетинен кытайлык туристтердин жоктугуна байланыштуу жапа чегип жаткан туристтик компанияларга  500 млрд иен (4.7 млрд долларга жакын) бөлүп берүүгө даяр. Бул тууралуу ТАСС порталы билдирди.

«Туристтик компаниялардын бюджеттик жетишпестиктерин азайтуу үчүн өкмөт керектүү каражат бөлүп берүүгө даяр. Биз компанияларга 500 млрд иен даярдап койдук», - деп билдирди Япониянын Либерал-демократия партиясынын башкы катчысы.  

Буга чейин маалым болгондой, 23-февралда  Кытай менен Япониянын авиакаттамы 80% чейин кыскарган.

Японияда коронавирус менен ооругандардын саны 1 миң 56 адамга жетти. Анын ичинен 60га жакын бейтап оор абалда жатышат. Вируска кабылгандардын көпчүлүк бөлүгү (706 адам) Diamond Princess круиздик лайнерден жуктуруп алган жүргүнчүлөр жана команданын мүчөлөрү.

 

 

Тэги: Япония нехватка туристов коронавирус помощь

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу