Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү январь айынан сентябрга чейин 5 млрд доллардан ашты

22.11.2021, 13:08 Акчабар
Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү январь айынан сентябрга чейин 5 млрд доллардан ашты

Быйылкы жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасы 5 миллиард 53 миллион 709 миң 800 долларды түздү. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Белгилүү болгондой, тышкы соода былтыркыга салыштырмалуу 827 миллион 577 миң 500 долларга өсүп, 4 миллиард 226 миллион 132 миң 300 долларды түзгөн.

Сооданын өсүшү импорттун көбөйүшүнө байланыштуу болду. Ушул жылдын январь-сентябрь айларында импорттун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 1 миллиард 173 миллион 326,8 миң долларга көбөйүп, 3 миллиард 862 миллион 670,6 миң долларды түздү.

Ал эми экспорттун көлөмү былтыркыга салыштырмалуу азайган. Быйылкы жылы жеткирүүнүн көлөмү 1 миллиард 191 миллион 39,2 миң долларды түздү. Өткөн жылдын январь-сентябрь айларында – 1 миллиард 536 миллион 788,5 миң доллар.

Эң көп товар жүгүртүү, комитеттин маалыматы боюнча, Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда. Кыргызстандын жалпы тышкы соода жүгүртүүсүндөгү өлкөнүн салыштырма салмагы 29,9% түзөт. Анын көлөмү 1 миллиард 512 миллион 141 миң долларды түзөт.

Соода боюнча Кытай экинчи орунда. Өлкөнүн өз ара соодасынын жалпы көлөмүндө Кытай менен болгон сооданын үлүшү 20% түзөт. 1 миллиард 10 миллион 197,4 миң доллар Кытай менен соода жүргүзгөн.

Тэги: товарооборот

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу