2018-жылы бюджеттин тартыштыгы 10,7 млрд сомго азайды

12.04.2019, 14:47 Акчабар
2018-жылы бюджеттин тартыштыгы 10,7 млрд сомго азайды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: 2018-жылы бюджеттин тартыштыгы 10,7 млрд сомго азайды 2018-жылы бюджеттин тартыштыгы 2017-жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу 10,7 млрд сомго азайды.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик көпчүлүк коалициясынын жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчету каралып жаткан учурда билдирди.

Өкмөт башчынын айтымында, 2018-жылы республикалык бюджетке салыктык кирешелер 2017-жылга салыштырмалуу 13,2 млрд сомго көп чогулган. Мамлекеттик бюджетке салык кызматынан – 79,6 млрд сом түшкөн, бул 2017-жылга салыштырмалуу 6,1 млрд сомго көп. Бажылык түшүүлөр 41,7 млрд сом, же 2017-жылга салыштырмалуу 7,5 млрд сомго көп топтолгон. Бажы кызматы жалпысынан 22%га көп киреше киргизген. «Бюджеттин кирешеси – 135,4 млрд сомду түзсө, ал эми чыгашасы – 142,7 млрд сомду түздү. Ошентип 2017-жылга салыштырмалуу дефицит 10,7 млрд сомго азайды, - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

 Мындан тышкары ички булактардан түшкөн кирешебиз көбөйдү, алардын эсебинен бюджеттин күнүмдүк чыгымдарын толугу менен жабууга мүмкүн болду. Калган финансылык каражаттар, анын ичинде мамлекеттик тышкы инвестициялар экономиканын өнүгүшүнө өбөлгө болгон долбоорлорду ишке ашырууга жумшалды». Премьер-министр баса белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башкы милдеттеринин бири карапайым адамдарды тынчсыздандырган маселелерди натыйжалуу чечүү аркылуу бийликтин аткаруу бутагына карата жарандардын ишенимин кайтаруу болуп саналат.

Тэги: госдолг ВВП Кыргызстан Мухаммедкалый Абылгазиев правительство экономика бизнес

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу