Ички карызды дагы 750 млн сомго көбөйтүү пландалууда

21.11.2021, 11:03 Акчабар
Ички карызды дагы 750 млн сомго көбөйтүү пландалууда

Улуттук банк 22-ноябрда мамлекеттик 2 жылдык казына облигацияларын кошумча жайгаштырууну өткөрөт. Бул тууралуу регулятордун сайтында маалымдалды.

Чыгаруунун пландаштырылган көлөмү 750 миллион сомду түзөт. Баалуу кагаздардын кирешелүүлүгү 8%, бир мамлекеттик облигациянын баасы 93,01 сомду түзөт.

Кошумчалай кетсек, 19-ноябрда өткөрүлгөн аукциондордун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик казына облигацияларынын 2, 7 жана 15 жылдык мөөнөттөрү боюнча кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 8,89, 12,5 жана 15%ды түздү.

Тэги: внутренний долг Кыргызстан экономика гособлигации

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу