Кыргызстандын ички карызы 64 млрд сомдон ашты

10.12.2021, 09:37 Акчабар
Кыргызстандын ички карызы 64 млрд сомдон ашты

Кыргызстандын Улуттук банкынын маалыматы боюнча, 9-декабрга карата республиканын мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча ички карызы 64 миллиард 78,2 миллион сомду түздү.

Каражаттын басымдуу бөлүгү мамлекеттик казына облигациялары аркылуу бюджетке түшкөн. Алар боюнча Кыргызстандын милдеттенмелери 63 миллиард 247 миллион 392,1 миң сомго бааланган.

Белгилей кетсек, 15 жана 20 жылдык мамлекеттик облигацияларды жүгүртүүгө киргизүү ушул жылдын ноябрь айында гана башталган. Буга чейин Кыргызстанда мындай мөөнөттөгү облигациялар колдонулган эмес.

“Ушул жылдын ноябрь айынан тарта Каржы министрлигинин эмитентинин тапшырмасы менен Улуттук банк 15 жылдык жана 20 жылдык мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштыруу боюнча аукциондорду өткөрүүдө. Мурда жүгүртүү мөөнөтү 10 жылдан ашык баалуу кагаздардын эмиссиясы жүргүзүлбөгөндүгүнө байланыштуу, Улуттук банктын расмий сайтында маалыматты түзүү үчүн банктын системаларында маалымат алмашуу процесси автоматташтырылган эмес”, - деп билдиришти “Акчабарга” Улуттук банктагылар.

Башкача айтканда, бүгүнкү күндө 15 жана 20 жылдык облигациялар боюнча мамлекеттик ички карыз боюнча маалыматтар жөнгө салуучу банктын сайтында жайгаштырылбайт, аларды суроо-талап боюнча гана алууга болот.

“Учурда Улуттук банк мамлекеттик облигациялар боюнча маалыматты расмий сайтка жарыялоо процессин өркүндөтүү боюнча программалык камсыздоо системасын иштеп чыгуучулар менен иш алып барууда”, - деп түшүндүрүштү банктан.

Кошумчалай кетсек, мамлекет дагы 12 айлык казына векселдерин жайгаштыруу менен ички рынокко акча алууда. Ал боюнча өлкөнүн карызы 830 миллион 777 миң сомго бааланган. "Акчабар" мурда жазгандай, баалуу кагаздардын бул түрү боюнча республиканын негизги кредиторлору коммерциялык банктар саналат.

Тэги: внутренний долг Кыргызстан экономика бюджет деньги государственные ценные бумаги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу