Кыргызстан мамлекеттик 3 жылдык казына облигациялары боюнча милдеттенмелеринин бир бөлүгүн төлөп бүттү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Ошентип, 28-октябрда 500 миллион сомдук мамлекеттик 3 жылдык облигациялар боюнча милдеттенмелер төлөндү.
Алсак, мамлекеттик облигациялар боюнча карыз 59 миллиард 507,4 миң сомго чейин кыскарды. Кыргыз Республикасынын векселдер жана облигациялар боюнча жалпы ички карызы 4-ноябрга карата 60 миллиард 788 миллион сомго бааланган.