Ушул жылдын 16-июлуна карата Кыргызстандын ички карызы 59 миллиард 534,3 миллион сомду түздү, деп жазды республиканын Улуттук банкы.
Ички карыз боюнча мамлекеттик милдеттенмелердин көпчүлүгү мамлекеттик казына облигациялары 99,5% түзөт.
Ички карыз 9-июлда өскөн. Буга 10 жылдык облигациялардагы карыздардын 6,5 миллион сомго көбөйүшү себеп болгон.