Кыргызстандын ички карызы 120,2 млн сомго өстү

06.10.2022, 12:09 Акчабар
Кыргызстандын ички карызы 120,2 млн сомго өстү

Кыргызстандын мамлекеттик казына облигациялары боюнча 6-октябрга карата ички карызы 83 миллиард 215 миллион 589,8 миң сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалды.

Ошол эле учурда көзөмөл органынын маалыматы боюнча, карыз 30-сентябрга карата 83 миллиард 95 миллион 389,8 миң сомго бааланган. Ошентип, бул убакыттын ичинде мамлекеттик карыз 120,2 миллион сомго көбөйдү.

Өлкөнүн ички карызынын көбөйүшү Каржы министрлигинин бул сумманы эки жылдык облигациялар аркылуу алуусу менен байланыштуу. Жайгаштыруу 30-сентябрда болгон. Алгач мекеме аукциондон мамлекеттик баалуу кагаздардын эсебинен 400 миллион сом алууну пландаган. Бирок суроо-талап азыраак болгон. Соодалардын жыйынтыгында 120,2 млн сомдук облигациялар жылдык 15% менен жайгаштырылды.

Тэги: новости Кыргызстана госдолг ГКО внутренний долг

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу