Кыргызстандын ички карызы 688,7 млн сомго көбөйдү

16.06.2021, 09:02 Акчабар
Кыргызстандын ички карызы 688,7 млн сомго көбөйдү

Улуттук банктын маалыматына ылайык, 15-июнга карата Кыргызстандын ички карызы 59 миллиард 822 миллион 224,1 миң сомду түздү, анын 99,5% мамлекеттин мамлекеттик казына облигацияларындагы карыздары.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 28-майына карата ички карыз 59 миллиард 133 миллион 472,1 миң сомду түзгөн. Эки жарым жуманын ичинде карыз 688 миллион 752 миң сомго көбөйгөн.

17-18-июнь күндөрү Улуттук банк жүгүртүү мөөнөтү 12 ай болгон мамлекеттик казыналык векселдерди жана жүгүртүү мөөнөтү эки жыл болгон мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрө тургандыгы белгилүү болду. Мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруунун жалпы көлөмү 310 миллион сомду түзөт.

Тэги: внутренний долг Кыргызстан деньги экономика бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу