Кыргызстандын ички карызы бир суткада 260 млн сомго өстү

30.08.2022, 11:06 Акчабар
Кыргызстандын ички карызы бир суткада 260 млн сомго өстү

Кыргызстандын ички карызы 30-августка карата 83 миллиард 214 миллион 795,8 миң сомду түздү (казыналык милдеттенмелер жана векселдер аркылуу). Бул маалыматты жөнгө салуучу органдан белигүү болду.

Бир сутка ичинде, 29-августтан бери мамлекеттик 7 жылдык казына облигацияларын чыгаруунун эсебинен карыз 260 миллион сомго көбөйдү.

Мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу 26-августта өттү, бирок өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын облигациялары боюнча милдеттенмелеринде бүгүн гана чагылдырылды.

Кошумчалай кетсек, 7 жылдык облигацияларды жайгаштыруунун эсебинен Каржы министрлиги бюджетке 400 миллион сом тартууну пландаган. Ошол эле учурда мамлекеттик баалуу кагаздарга суроо-талап 35%га аз болду. Аукциондун жыйынтыгында ал толугу менен канааттандырылган. Баалуу кагаздардын кирешелүүлүгү 15,2%ды түздү. Ал быйылкы 10-июндан бери өзгөргөн жок.

Тэги: внутренний долг Кыргызстан экономика бюджет Минфин

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу