Кыргызстандын мамлекеттик казына милдеттенмелери менен векселдериндеги ички карыз 10-ноябрга карата 60 миллиард 718 миллион 888,1 миң сомду түздү.
Карыз 5-ноябрга карата 60 миллиард 288 миллион 88,1 миң сом болчу. Муну менен майрам күндөрү ички карыз 430,8 миллион сомго көбөйгөн.
Белгилей кетсек, карыз 7 жылдык мамлекеттик облигациялар линиясы боюнча карыз алуулардын эсебинен өскөн.