Унаа салыгын өз убагында төлөбөгөндөргө 739 миң сом айып салынды

19.11.2021, 11:05 Акчабар
Унаа салыгын өз убагында төлөбөгөндөргө 739 миң сом айып салынды

Ушул жылдын 2-сентябрынан 10-ноябрына чейин Салык кызматы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте транспорт салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча 1418 рейд өткөрдү.

Рейддердин жүрүшүндө 28 миң унаа текшерилди. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында мыйзамда белгиленген мөөнөттө салыкты төлөбөгөндүгү үчүн 739 миң сомго 739 административдик айып салынган.

“Быйылкы жылы транспорт салыгын төлөө мөөнөтү 1-сентябрда бүттү. Салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн мыйзамдарга ылайык 1 миң сом административдик айып каралган. Мындан тышкары, салыкты төлөө мөөнөтү кечиктирилген ар бир күн үчүн айып пул алынат”, - деп түшүндүрдү Мамлекеттик салык кызматы.

 

Тэги: налоги автотранспорт бюджет ГНС КР деньги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу