Бишкектеги мыйзамсыз курулуштар боюнча дагы кылмыш иши козголду

07.10.2022, 13:48 Акчабар
Бишкектеги мыйзамсыз курулуштар боюнча дагы кылмыш иши козголду

Бишкектеги мыйзамсыз курулуштар боюнча дагы эки кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан шаар курулуш мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүүдө Бишкек шаардык мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын (азыркы учурда Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүүнү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы) жооптуу кызмат адамдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, “Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн объекттерди эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби жөнүндөгү” жобонун талаптарын бузуп, капиталдык курулуштардын курулушуна көзөмөл жүргүзүү жана аны эксплуатацияга кабыл алуу архитектура жана курулушту көзөмөлдөө органдарынын ыйгарым укугу болгондугуна карабастан, Бишкек шаарынын “Ынтымак” конушунда курулган 3 жана 2 кабаттуу турак жайларды кабыл алуу жөнүндө ырастоо берип коюшкандыгы аныкталган.

Бишкек шаарынын архитектура курулуш контролдоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, аталган имараттар курулуп жаткан объектилердин реестрине киргизилген эмес.

Андан соң, ээлери үйлөрдүн профилин жана планын өзгөртүшүп, көп батирлүү турак жай катары уруксат кагаздарын алып алышкан.

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринен улам көп батирлүү турак жайлар эч кандай тийиштүү мамлекеттик көзөмөл жүргүзүлбөстөн жана эксплуатацияга кабыл алынбастан колдонулуп, жарандардын жана мамлекеттин кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтирилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мэриянын аталган башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен 2 кылмыш иши козголуп, тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Тэги: незаконное строительство Генпрокуратура мэрия Бишкека

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу