Дүйнөлүк банк Кыргызстандан үч долбоорду ратификациялоону тездетүүнү суранууда

03.03.2020, 09:29 Акчабар
Дүйнөлүк банк Кыргызстандан үч долбоорду ратификациялоону  тездетүүнү суранууда

КР Тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык жетекчиси Лилия Бурунчук айым менен Европа Биримдиги-Борбор Азия биринчи экономикалык форумун өткөрүү боюнча даярдыктар маселелерин талкуулады.

Ошондой эле тараптар ведомстволор тарабынан Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып жаткан долбоорлорду жана ага кош жараяндарын оптимизациялоо боюнча  өкмөттүн ички чаралары тууралуу сөз кылышты.

Дүйнөлүк банктын өкүлү министрден Дүйнөлүк банк тарабынан статистиканы оптимизациялоо, салыктык администрациялоо жана региондорду өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорун ратификациялоону тездетүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

Кошумчалай кетсек, Дүйнөлүк банктын 2019-2022-жылдардагы долбоорлорунун  каржылык  тизмеги 320,5 млн долларга аныкталган.

Тэги: экономика Всемирный банк проекты МИД

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу