Алдын ала берилген маалымат боюнча 2021-жылдын алгачкы эки айында өлкөнүн ИДПсы 71.5 млрд сомду түзгөн. Өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 8.9% төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.
Улуттук статистикалык комитеттин эксперттеринин айтымында, ички дүң продукциянын төмөндөөсү өнөр-жайдын, курулуштун жана кызматтардын көлөмүнүн төмөндөшү менен байланыштуу.
ИДПнын басымдуу бөлүгү 2021-жылдын январь-февраль айларында кызмат көрсөтүүлөр тармагы менен толукталган, бирок өткөн жылдын январь-февралына салыштырмалуу 1% төмөндөгөн. Өз кезегинде товар өндүрүүчү тармактын үлүшү, өткөн жылдагыдай 37.2% түздү.
Кошумчалай кетсек, товар өнүдүрүү тармагы 11.8% жабыр тарткан.