Коронавирус пандемиясына байланыштуу АКШнын ИДПсы 2020-жылдын биринчи кварталында 4.8% кыскарды. Бул маалыматты экономикалык Бюронун алдын алы жүргүзгөн анализи тастыктап турат.
2019-жылдын биринчи кварталында АКШнын жылдык ИДПсы 3.1% түзгөн, экинчи кварталда - 2%, үчүнчү жана төртүнчү кварталда - 2.1% түзгөн.
Белгиленгендей, бул төмөндөө COVID-19 вирусуна байланыштуу, коюлган чектөөлөргө байланыштуу болгон. Бул суроо-талаптын өзгөрүүсүнө дагы алып келген жана чыгымдар 7.6% төмөндөгөн. Биринчи кварталдагы экспорт 8.7%, импорт - 15.3% түшүп кеткен.
Эл аралык рейтинг чыгаруучу Fitch Ratings агенттигинин алдын ала берген маалыматына ылайык, АКШнын 2020-жылдагы ИДПсы 5.6% кыскарат. Эл аралык валюталар фондунун берген баасына ылайык, АКШнын ИДПсы 2020-жылдын аягында 5.9% төмөндөйт.