2021-жылга алтынды сатуудан түшкөн жалпы киреше 856 млн долларды түзгөн, анын 621 млн доллары убактылуу тышкы башкаруу мезгилине таандык. Бул тууралуу министрлер кабинетинин 2022-жылдагы алгачкы кеңешмесинде “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк билдирди.
Ал кошумчалагандай, алтындын бир унциясына накталай акчанын жалпы наркы пландалгандан 220 долларга же 16% ашыкка кыскарган.
“Бул негизги көрсөткүч - өндүрүлгөн алтындын унций наркынын төмөндөшү көрсөткүчү боюнча гана компаниянын мурдагы менеджментине салыштырмалуу убактылуу тышкы башкаруучунун ишинин эффективүүлүгүнүн жана чарбачылдыгы тууралуу айтууга болот”, - деди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.