Жогорку технологиялар паркы 4,2 млрд сом киреше тапты

10.02.2023, 13:43 Акчабар
Жогорку технологиялар паркы 4,2 млрд сом киреше тапты

Былтыркы жылдагы иштин жыйынтыгы боюнча Жогорку технологиялар паркы 4 миллиард 210 миллион 653,6 миң сом киреше тапты. Мындай маалыматтар өткөн жылдын төртүнчү кварталынын отчетунда келтирилген.

"2022-жылдын жыйынтыгы боюнча биз 4,2 миллиард сомдон ашык киреше алдык. Максатыбызга толук жеттик. Эми 2023-жылга жаңы максатыбыз бул көрсөткүчтү 8 миллиард сомго жеткирүү. Биз үчүн баары жакшы болот деп ишенебиз”, - деди Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркынын директору Чубак Темиров.

Жогорку технологиялар паркы резиденттери үчүн негизги киреше булагы кызмат көрсөтүүлөрдүн экспорту болуп саналат, бул жалпы көлөмдүн 92,4% түзөт. Негизинен кеп программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жөнүндө. Мында парктын кызмат көрсөтүүлөрүнүн негизги керектөөчүлөрү болуп АКШ 455 млн 302,1 миң сом, Россия 252 млн 804,6 миң сом жана Кипр 129 млн 888 миң сом киреше берген.

Тэги: новости Кыргызстана IT Парк высоких технологий выручка итоги года

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу