ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өз ара соодасы 2021-жылдын январь-апрель айларында 21 миллиард доллардан ашты, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу соода көлөмү 29% га жогорулады, деп билдирди ЕЭК.
Анын басымдуу бөлүгү Орусияга - 13,3 миллиард доллар, андан кийин Беларуссия - 5 миллиард доллар жана Казакстан - дээрлик 2,2 миллиард доллар туура келет.
Армения өнөктөштөрү менен 230 миллион долларга, Кыргызстан 220 миллион долларга соода жүргүздү.