Быйыл январь айында ун өндүрүү 28%га өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады.
Ага ылайык, январдын жыйынтыгы боюнча 19,2 миң тонна ун өндүрүлгөн.
Нан өндүрүү, тескерисинче, 5,8 миң тоннага (1%) чейин кыскарган.
Кондитердик азыктарды чыгаруу 24%га көбөйүп, 630 тонна болгон. Ал эми макарон азыктарын чыгаруу 34%га өсүп, 2,4 миң тоннага жеткен.
Эске салсак, 2022-жылы ун өндүрүү 1,5 эсеге көбөйүп, 225,2 миң тоннага жеткен.