Январда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен эң аз маяна Бишкекте төлөнгөн

28.02.2023, 09:45 Акчабар
Январда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен эң аз маяна Бишкекте төлөнгөн

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин борборлорунун арасында эң аз айлык Бишкекте төлөнөт. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын декабрь айында Бишкекте орточо айлык маяна 543,2 долларды, Минскиде 1064,4 долларды, 2022-жылдын ноябрь айында Москвада 1616,7 долларды жана Астанада 1014,4 долларды түзгөн.

Салыштырмалуу изилдөөдө 2023-жылдын январь айында эң керектүү өнүмдөрдү орточо айлык акы менен сатып алуу жөндөмдүүлүгү Бишкекте эң төмөн экендиги аныкталган.  Буга Бишкек шаарындагы орточо айлыктын аздыгы себеп болгон. 

“Бишкекте орточо эмгек акыга 590 литрге жакын сүт сатылып алынса, Москвадагы орточо маянага 2,2 эсеге көп (1,3 миң литр) сүт сатып алууга болот. Астанада бир айлыкка 3,1 тонна картошка сатылып алынса, Бишкек шаарында 1315 килограмм картошка сатып алууга болот”, - деп айтылат изилдөөдө.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу