Январь айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсү 61,5 млн сомду түздү. Бул тууралуу Янги Узбекистон порталы Өзбекстандын Экономикалык изилдөөлөр жана реформалар борборуна таянуу менен жазды.
Быйыл январда Өзбекстандын Борбордук Азия өлкөлөрү менен тышкы соодасынын көлөмү 8,0 %га өсүп, 449,7 млн долларды түзгөн. Бул Өзбекстандын жалпы тышкы соодасынын 8,9 %ын ээлейт.
Мында Өзбекстандын Борбордук Азия өлкөлөрүнө экспорту 139,0 млн доллар, импорту 310,8 млн долларды түзгөн.
Борбор Азия өлкөлөрүнө Өзбекстандын тышкы соодасынын көрсөткүчтөрү: