Ыңгайлуу жана бат! Орозо-битирди MegaPay тиркемесинде онлайн төлөңүз

01.04.2022, 11:40 Акчабар
Ыңгайлуу жана бат! Орозо-битирди MegaPay тиркемесинде онлайн төлөңүз

MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору кыргызстандыктарды ыйык Рамазан айынын жана Орозонун башталышы менен куттуктайт. Муну менен катар эле MegaCom бардык абоненттер орозо-битир, зекет, жана жетим балдарга каалаган кайрымдуулук суммасын MegaPay тиркемеси аркылуу которо ала тургандыгын эсиңиздерге салат.

Бардык мусулмандарга берүүгө сунушталган орозо-битирден топтолгон каражат Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын эсебине түшөт.

Орозо-битирди кантип төлөсө болот?

  • App Store же Google Play’ден MegaPay тиркемесин жүктөп же жаңылоо керек;
  • андан кийин «Төлөм» бөлүмүнө кирип ал жактан «Кайрымдуулук» баракчасына өтөсүз;
  • «Орозо-битир», «Зекет» же «Жетим балдарга» баракчасын тандаңыз;
  • «Реквизиттер» катарына телефон номериңизди жана кайрымдуулуктун суммасын жазыңыз.

Ошондой эле Орозо-битирди MegaPay аркылуу «QR-төлөм» бөлүмүндөгү QR-кодду сканерлеп жана сумманы көрсөтүп которсо да болот.

Садага-битирди MegaPay мобилдик тиркемесинде төлөп кайрымдуулук иштерди жасоо мүмкүнчүлүгүн пайдаланыңыз.

MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору баарыңыздарга бекем ден соолук, тынчтык жана ар бир үй-бүлөгө токчулук, молчулукту каалайт!

Тэги: MegaPay Орозо-битир MegaCom

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу