Ысык-Көл: Тоңдогу маданият үйүн курууда мамлекетке 2 млн сомдон ашууун зыян келтирилген

28.03.2022, 14:50 Акчабар
Ысык-Көл: Тоңдогу маданият үйүн курууда мамлекетке 2 млн сомдон ашууун зыян келтирилген

Ысык-Көл облусунун Тоң райондук прокуратурасы тарабынан облусту өнүктүрүү фондун башкаруу Дирекциясынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүүдө, Тоң районуна караштуу Төрт-Гүл айылындагы 200 орундуу маданият үйүнүн имаратын курууда Дирекциянын кызмат адамдары кызмат абалынан пайдалануу менен материалдык кызыкчылыктарды көздөп, подрядчылар менен алдын-ала макулдашууга барып, аткарылган иштердин актыларына жасалмаланган маалыматтарды жана иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарды киргизишкендиги аныкталды. Натыйжада мамлекетке 2 млн 101 миң 192 сом өлчөмүндө зыян келтирилген, - деп айтылат маалыматта.

Учурда бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Тэги: Башкы прокуратура кылмыш мыйзам зыян ысык көл

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу