Ысык-Көлдө жубайлар кыям өндүрүүчү цех ачышты

08.03.2023, 12:15 Акчабар
Ысык-Көлдө жубайлар кыям өндүрүүчү цех ачышты

Ысык-Көл районунун Корумду айылында 2022-жылдын күз айларынан тарта биринчи сорттогу кыям, джем жана козу карындарды өндүрүүчү цех иштөөдө. Бул тууралуу Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыял Саткангулова жолдошу менен Улуу Британиянын өкмөтү Кыргызстандагы чакан жана орто бизнести колдоо боюнча “PEAK Kyrgyzstan” программасына катышкан. Программанын алкагында 7 тема боюнча интенсивдүү окуудан кийин үй-бүлө чакан ишкана ачкан. 

Ачылгандан бери цех 8 тонна продукция өндүргөн. Алар Бишкекке, Ысык-Көлгө сатылып, Орусия жана Казакстанга экспорттолууда. 

Мындан тышкары, Кыял жергиликтүү тургундарга мөмө-жемиштердин уруктарын жана көчөттөрүн берип, андан кийин кайра алардан мөмө-жемиштерди сатып алат.

“Бизнес ачуу үчүн биринчиден билим керек, андан кийин гана акча керек. “PEAK” программасынын аркасында мен бизнести баштоо жана башкаруу, каржылык пландоо жана тобокелдиктерди баалоо боюнча көндүмдөрдү алдым”, - дейт Кыял Саткангулова. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу