Акыркы 11 айдагы ИДПнын өсүүсү 4.9% түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.
Ички дүң продукт 2019-жылдын январь-ноябрь айында алдын-ала берилген баа боюнча, 513 млрд сомдон ашык болгон.
Ишканалардын үлүшүн кошпогондо (Кумтөр), 2019-жылдын январь-октябрь айындагы ИДПнын көлөмү 459 млрд сомго жакындаган жана өсүү 3.5% түзөт.