Эки ай ичинде пияздын максималдуу баасы 15,38%га төмөндөдү

10.03.2023, 10:58 Акчабар
Эки ай ичинде пияздын максималдуу баасы 15,38%га төмөндөдү

Монополияга каршы мамлекеттик кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери борбор калаанын Ош базарындагы социалдык маанидеги товарлардын баасына мониторинг жүргүзүштү.

Анда өсүмдүк майынын, эттин, ундун, канттын өздүк наркына өзгөчө көңүл бурулду. Учурда ишкерлердин айтымында, товар жеткирүү келишимдин негизинде үзгүлтүксүз жүргүзүлүп, азык-түлүк тартыштыгы жок.

Шаардын базарларында тамак-аш азыктарынын, атап айтканда, ундун, канттын арзандашы байкалууда. Алсак, эки айдын ичинде өсүмдүк майынын максималдуу баасы 0,56%га, кантка 3,26%га төмөндөгөн. Ошол эле учурда пияздын баасы эң көп март айында — 15,38%га арзандаган. 

Тэги: экономика лук новости Кыргызстана снижение цены

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу