Январь-март айларында ЕАЭБ өлкөлөрүндө курулушка инвестициялар 49,6 миллиард долларды түздү. Бул тууралуу ЕЭКтен билдиришти.
Инвестициялардын эң аз көлөмү Арменияда - 93,1 миллион доллар, Кыргызстанда - 163 миллион доллар деп катталган.
Беларуссияда инвестициялар 2,1 миллиард долларга, Казакстанда 5 миллиард доллардан ашты, Орусиянын курулуш секторуна 42,1 миллиард доллар түштү.