Төрт күндө дыйкандар 189,6 млн сомго жеңилдетилген насыя алышты

03.04.2023, 14:25 Акчабар
Төрт күндө дыйкандар 189,6 млн сомго жеңилдетилген насыя алышты

Быйыл Кыргызстанда “Айыл чарбасын каржылоо” долбоорунун 11-фазасы ишке киргизилген. Жыл башынан бери дыйкандар жалпы суммасы 380 миллион 293 миң сомду түзгөн 814 насыя алышкан. Мындай маалыматты Айыл чарба министрлиги билдирди. 

“Өсүмдүк өстүрүү” категориясы боюнча жалпысынан 66,4 млн сомго 157 насыя берилген, анын ичинен банктар:

  • “Айыл Банк” ААК - 37,8 млн сомго 84 насыя;
  • “РСК Банк” ААК - 31,5 млн сомго 73 насыя.

Мында “Мал чарбачылык” категориясы боюнча жалпы суммасы 310,9 млн сомдук 657 насыя берилген.

Белгилей кетсек, 27-марттагы берилген маалыматка салыштырмалуу 4 күндө 189,6 миллион сомго 407 насыя көп берилген.

 

Тэги: новости Кыргызстана фсх-11 Минсельхоз

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу