ААК «Түндүкэлектр» 2012 – жылдан 2018 – жылга чейин Бишкектеги 174 км кабель линияларын калыбына келтирди. Бул тууралуу аталган тармактын басма сөз кызматы билдирет.
Борбор калаада жалпысынан 955 км кабель линиялары бар. Алардын көбү 1970 – жылы салынгандан бери жаңыртыла элек.
КР Улуттук статистикасынын билдирүүсүнөн улам, 2019 – жылдын башында Бишкекте 4.3 млрд. сомго электр энергия колдонулган.