2019-жылы 9 айда чет өлкөлүк түз инвестициялардын көлөмү 576,8 млн $ түзгөн

20.01.2020, 17:35 Акчабар
2019-жылы 9 айда чет өлкөлүк түз инвестициялардын көлөмү 576,8 млн $ түзгөн

2019-жылдын 9 айдын жыйынтыгы боюнча чет өлкөлүк түз инвестициялардын келиши 576,8 млн АКШ долларын түздү жана 2018-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 67 пайыздан ашык көбөйгөн. Бул тууралуу Өкмөттөн билдиришти. 

Бул олуттуу өсүш, негизинен, кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик (геологиялык чалгындоо) чөйрөсүндө 3,3 эсеге, ошондой эле иштетүү өндүрүш ишканаларына 2,3 эсеге жана башка секторлорго чет өлкөлүк түз инвестициялардын келген агымынын көбөйүшүнүн эсебинен камсыз кылынган.

Агылып кетүүсүнө караганда келүү деңгээли 63,3 млн АКШ доллардан жогору болду (2018-жылдын январь-сентябрында - 16,8 млн АКШ долларына).

Чет өлкөлүк түз инвестициялардын жалпы көлөмүнүн чоң салыштырма салмагы Жалалабад облусунун ишканаларына келген – 40 пайыздан ашык, Бишкек шаарына – 28 пайызга жакын, Ысык-Көл облусунун – 20 пайызга жакын, ошондой эле Чүй облусунун – 12 пайызга жакын. 2019-жылдын январь-сентябрында түз чет элдик инвестициялардын агылып кетүүсү 513,5 млн АКШ долларын түзгөн. Белгилеп кетүү керек, инвестициялардын агылып кетүүсү жөнүндө сөз кылганда массалык маалымат каражаттарда көп убакытта ушул процесске терс маани берилет, бирок бул чет элдик инвестициялардын эсебинен ишке ашырылган инвестициялык долбоорлордун нормалдуу жашоо циклинин бир бөлүгү болуп саналат.

 

Тэги: приток ПИИ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу