Быйыл тогуз айда Кыргызстанга 2,2 млрд доллар которулду

11.11.2022, 09:00 Акчабар
Быйыл тогуз айда Кыргызстанга 2,2 млрд доллар которулду

Сентябрь айында жеке адамдардан Кыргызстанга 291,9 миллион доллар жөнөтүлгөн. Бул август айына салыштырмалуу 3,2%га аз. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди

Сентябрь айында акча которуулардын көлөмүнүн азайышы Орусиядан жөнөтүлгөн акчалардын азайышына байланыштуу. Сентябрда Орусиядан 9,7 миллион долларга аз акча которулган, 3,37% кыскарган. 

Ал эми КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн жөнөтүлгөн акчалар мурдагыдай деңгээлде 13,2 млн. долларды түзгөн. Бирок алардын агымында өзгөрүү болгон. Август айында Улуу Британиядан Кыргызстанга 700 миң доллар жөнөтүлсө, сентябрь айында 1 миллион доллар жөнөтүлгөн.Ошол эле учурда Германиядан которуунун көлөмү 60%га азайып, августтагы 500 миң доллардан сентябрда 200 миң долларга чейин кыскарган. 

АКШ жана Түркиядан түшкөн каражаттар да тиешелүүлүгүнө жараша 300 миң долларга (-5,8%) жана 600 миң долларга (-46,2%) азайган. 

Кошумчалай кетсек, быйыл тогуз ай ичинде Кыргызстанга акча которуу системалары аркылуу жалпысынан 2 миллиард 211,7 миллион доллар которулган. Бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,8%га көп. Былтыр жеке адамдар тарабынан Кыргызстанга 2 миллиард 32,3 миллион доллар которулган. 

 

Тэги: новости Кыргызстана денежные переводы деньги Россия мигранты

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу