Ушул жылдын 1-августуна карата бардык категориядагы чарба субъекттери республикада 13 миң 91 тонна жүн өндүрүштү, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилинин 99,9% ын түзөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Көрсөткүчтүн төмөндөшүнө жүн өндүрүүнүн кыскарышы Баткенде (98,3%), Ошто (98,5%) жана Чүй облустарында (98,8%) таасирин тийгизди.
Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын маалыматы боюнча, бул аба-ырайынан улам жогорудагы аймактарда кой кыркуу бир аз кечигип башталганына байланыштуу болгон. Бирок алар жылдын аягына чейин жүн өндүрүүнүн көлөмү былтыркыдан төмөн болбойт деп ишендиришүүдө.