Улуттук банктын бир унциясы эки айда дээрлик 15 миң сомго арзандады

21.06.2022, 11:06 Акчабар
Улуттук банктын бир унциясы эки айда дээрлик 15 миң сомго арзандады

Ушул жылдын 21-апрелинен 21-июнуна чейинки мезгилде Улуттук банк тарабынан өлчөнгөн алтындын бир унциясын кайра сатып алуу 14 миң 948,5 сомго же 188 долларга төмөндөгөн. Корутундулар жөнгө салуучу органдын сайтында жайгаштырылган маалыматтын негизинде чыгарылды.

Алсак, 21-апрелде Улуттук банк элден куймаларды 166 миң 633,5 сомго сатып алды. Бүгүнкү күндө кайра сатып алуу 151 миң 685 сомду түзөт. Нарктагы айырма 8,9% болду.

Белгилеп кетсек, бир жыл мурун бир куйманы кайра сатып алуу 155 миң 638,5 сомду түзгөн. Ушундан улам бир унция жыл ичинде 2,54%га же 3953,5 сомго арзандаганын түшүнсө болот.

Кошумчалай кетсек, бүгүн Улуттук банктан алтындын унциясын 182 миң 602 сомдон сатып алууга болот. Көрсөткүч 13-июндан бери өзгөрүүсүз калды.

Тэги: тройская унция золото НБ КР золотые мерные слитки

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу