Экинчи ай катары менен Кыргызстанда валюта резервинин төмөндөшү байкалууда. Мындай тыянактарды республиканын Улуттук банкы жарыялаган статистиканын негизинде чыгарса болот.
Улуттук банктын маалыматы боюнча, июлдун аягында өлкөнүн эл аралык валюта резервдери 2 миллиард 655,37 миллион долларды түздү, бул ушул жылдын июнь айына салыштырмалуу 69,7 миллион долларга азайды.
Ал эми өткөн жылдын июль айына салыштырмалуу республиканын валюта резервдери дээрлик 100 миллион долларга азайган.