Бир жылда Улуттук банктын алтын куймаларынын баасы 6.1 миң сомго жогорулады

05.05.2021, 10:00 Акчабар
Бир жылда Улуттук банктын алтын куймаларынын баасы 6.1 миң сомго жогорулады

Улуттук банкта 2021-жылдын 5-майына карата салмагы 31 грамм (трой унциясы) алтын куймасын сатып алуунун баасы 155,5 миң сомду түзөт. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу чыгым 6,1 миң сомго көбөйгөн, деп айтылат регулятордун маалыматында.

100 граммдык куймалардын баасы 55,4 миң сомго жогорулады, сатып алуу 434,4 миң сомдон 489,9 миңге чейин көтөрүлдү. Куймалар Улуттук банкта 504,6 миң сомго сатылууда.

10 граммдык куймалар 48,9 миңден 50,9 миңге чейин дээрлик 2 миң сомго кымбаттады. Мындан тышкары, жөнгө салуучу 5 грамм, 2 грамм жана 1 грамм өлчөмүндөгү алтын куймаларын төмөнкү баада сатып алат: тиешелүүлүгүнө жараша 27,4 миң сом, 11,5 миң жана 6,3 миң сом.

Тэги: золотые слитки Нацбанк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу