Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин ишке орноштуруу кызматтарында катталган жумушсуздардын саны ушул жылдын июль айынын аягына карата 1,45 миллион адамды түздү жана өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 60,3% га кыскарды. Бул тууралуу ЕЭК статистикасында айтылат.
Муну менен жумушсуздардын саны жалпы жумушчу күчүнүн 1,5% ын түзөт.
Өткөн жылы бул көрсөткүч 3,9%болгон.