Кыргызстанда электрондук акча барган сайын популярдуу болуп баратат. Бул тууралуу эл аралык ишкерлер кеңешинин иликтөөсүндө айтылат.
Алсак, 2021-жылдын биринчи чейрегиндеги маалыматтарга ылайык, өлкөдө 3,8 миллион электрондук капчык болгон. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көрсөткүч 63,4% га жогорулаган.
Кошумчалай кетсек, 2019-жылы 377 миң 439 жаңы электрондук капчык ачылган.