Жыл башынан бери Мамлекеттик салык кызматы 48 миллиард 75,1 миллион сом салык жана төлөмдөрдү чогултту. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Мында белгиленген план 1 млрд 244,8 млн сомго, же 2,7%га ашык аткарылган.
2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салык 18 миллиард 293,5 миллион сомго же 61,4%га көп чогултулган.